Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Ысыккөл мамлекеттик университетинде ректорду шайлоо өткөрүлдү


КАРАКОЛ. Өткөн жылдан бери Ысыккөл мамлекеттик университетинин бош турган ректорлук оруну үчүн төрт талапкер күч сынашты. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында аталган окуу жайдын ректордук милдетин аткарып келген педагогика илимдеринин кандидаты Аскар Иманбаев 260 добушка ээ болду. Ал эми физика, математика илимдеринин доктору, профессор Алымбай Токтосупуев 55, физика, математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Шаршеев 26 жана тарых илимдеринин доктору Өскөнбай Осмонов 13 добуш алышты.

Шайлооого байкоочу катары катышкан айрым талапкерлердин ишенимдүү адамдарынын пикирлерине караганда, бул шайлоо жергиликтүү бийлик ээлеринин жана республиканын билим берүү министрлигинин Аскар Иманбаевге колдоо көрсөтүүсү аркылуу өттү. Анткени шайлоонун уюштуруу комиссиясына бийлик өкүлдөрү гана кирген.

XS
SM
MD
LG