Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Менчиктештирүүнүн жаңы программасы каралууда


БИШКЕК. 15-октябрда Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөт сунуш кылган 2004-2006-жылдардагы менчиктештирүү программасын талкуулоону улантты. Түшкү тыныгууга чейин бир нече депутат чыгып сөз сүйлөштү. Андан соң кворум жоктугунан дүйшөмбү күнгө чейин тыныгуу жарыяланды.

Депутат Исмаил Исаков кыргыз өкмөтү аталган программанын негизинде менчиктештириле турган мекеме, ишканаларды эң төмөнкү баада сатып жаткандыгын айтып, сатыла турган обьектер орто эсеп менен бир миллиард жети жүз миллион сомго баалана тургандыгын жарыялады. Ошондой эле ал аталган программага ылайык коргоо, саламаттыкты сактоо тармактарына тиешелүү обьктерди менчиктештирбей, маданий жана спорт иш чараларын өткөрүүчү мекемелерди жергиликтүү бийликке бекер өткөрүүнү сунуштады.

Ал эми Ишенбай Кадырбеков 1991-жылдан бери жүргүзүлгөн менчиктештирүүдө олуттуу мыйзам бузуулар орун алгандыгын айтып, менчиктештирүүнүн аталган программасын азырынча кабыл албай турууга чакырса, өкмөтчүл маанайдагы депутаттар аталган программаны колдоого үндөштү.

Ал эми буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков сөз сүйлөп, аталган программага ылайык менчиктештирүүдөн өлкө казынасына 400 миллион сом түшөөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG