БИШКЕК. Мугалимдер менен дарыгерлердин айлык акысын көбөйтүүгө бюджеттен 96 млн сом каралды. Кечээ президент А.Акаев «Билим берүү жана саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтүү жөнүндөгү» жардыкка кол койду. Ага ылайык, мектеп мугалимдери, бала-бакчалардын кызматкерлери жана саламаттык сактоо тармагында иштегендер ушул айдан тарта 15 пайызга көбөйтүлгөн маяна алышат.
Каржы министрлигинин социалдык сектордун бюджетин калыптандыруу башкармылыгын жетекчиси Кыял Мукашев маалымдагандай, жогорку окуу жайларынын кызматкерлеринин, маданият жана илим тармагында иштегендердин эмгек акылары азырынча көбөйбөйт. Буга чейин ушул жылдын апрель айында билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарынын кызматкерлеринин эмгек акысы 15 пайызга жогорулаган.