БИШКЕК. Курамына оппозициячыл маанайдагы тогуз партия кирген «Кыргызстандын элдик кыймылы» саясий бирикмеси 5-ноябрда биргелешкен курултай өткөрөт. "Мындай чечим бирикменин бейшемби күнү түштөн кийинки отурумунда кабыл алынды" деп маалымдады «Асаба» партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров «Азаттыктын» кабарчысына. Анын айтымына караганда, курултайдын күн тартибинде кыймылдын түзүмү тууралуу жобону жана кыймылдын атынан парламенттик шайлоого көрсөтүлө турган талапкерлердин тизмеси талкууланып, бекитилет. Жыйынга республиканын жер-жерлеринен келишкен делегаттар жана эларалык уюмдардан өкүлдөрү катышат.
"Кыргызстан элдик кыймылы" мындан бир нече күн илгери түзүлүп, анын жетекчиси болуп мурдагы өкмөт башчысы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев шайланган.
"Кыргызстан элдик кыймылы" мындан бир нече күн илгери түзүлүп, анын жетекчиси болуп мурдагы өкмөт башчысы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев шайланган.