Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:18

Тайванда жаңы жер титирөө болду

Тайванда бүгүн катуу жер титирөө болду, анын күчү Рихтер өлчөмү менен жети баллга жетти. Зилзаланын очогу борбор калаа Тайпейден 109 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Чыгаша тууралуу азырынча кабарлар жок. Буга чейин мынчалык катуу жер титирөө Тайванда 1999-жылдын 21-сентябрында катталган. Анын күчү жети жарым баллдан ашкан жана 2400 адам курман болгон.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Нарын Айып даярдады.
XS
SM
MD
LG