Мындан бир нече ай мурда камакка алынган индонезиялык динаятчы Абу Бакар Баширга бүгүн террордук аракеттерди уюштурууга катышкан деген күнөө расми түрдө коюлду. Прокурор Энди Хермандын айтымында, Башир элди террорчулукка шыктандырган жана кээде буйрук да берген. Индонезия өкмөтүнүн айтымында, 2002-жылы Бали аралында жана 2003-жылы Джакарта шаарындагы "Мэрриот" мейманканасында уюштурулган жардырууларга Баширдин тийешеси бар.