Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

Ош шаарында куткаруучулар үчүн курулган турак үйдүн расмий ачылыш аземи болуп өттү


ОШ. Ош шаарынын «Манас ата» кичи районунда жайгашкан беш кабаттуу бул үйдүн курулушу мындан он төрт жыл илгери башталып, экономикалык кыйынчылыктардан улам өз убагында бүтпөй калган. Курулушту өзүнүн балансына өткөрүп алган экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги турак жайды эки жылдын ичинде куруп бүтүрдү. Анын бүгүнкү ачылыш салтанатында министр Темирбек Акматалиев батирлер чинине жана кызматтык абалына карабастан бир канча мезгилден бери министрликте иштеп, эмгеги сиңген, үйгө муктаж адистерге тегиз бөлүштүрүлүп берилип жаткандыгын айтып өттү. Сексен батирлүү бул турак үйүн бүтүрүүгө министрликтин эсебинен 17 млн. сом акча каражаты сарпталган. Турак жайынын айланасы бийик коргондор менен курчалып, адистештирилген аскердик кайтаруу кызматы менен камсыз болгон.

XS
SM
MD
LG