Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Жалалабат облусундагы жаза өтөө мекемесинде курулган мечит пайдаланууга берилди


ЖАЛАЛАБАТ. Өнөр жай ишканалары токтоп, ишсиз калган түрмөдөгүлөр быйыл ылайдан 200 миң кыш куюшкан. Кышты кардарларга саткан каражаттын жана мурда түрмөдө отуруп чыккан атуулдардын, ошондой эле коомчулуктун кайрымдуулугунун эсебинен жаза өтөө мекемесинде курулган мечит пайдаланууга берилди. Мында ошондой эле кир жуучу жай бүттү. Абактын жетекчилигинин демилгеси менен тургузулган мечиттин ачылышына расмий бийликтин өкүлдөрү катышкан жок. Жаза өтөө мекемесинде адамдар эми чогуу намаз окууга мүмкүндүк алышты. Жалалабат түрмөсүндө жетекчиликтин билдирүүсү боюнча миңден ашык адам өз жазаларын өтөөдө.

XS
SM
MD
LG