Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Алматыда өз ара кызматташуу жана ишеним көрсөтүү Кеңешмесинин жыйыны өтөт


БИШКЕК. 22-октябрда Алматы шаарында өз ара кызматташуу жана ишеним көрсөтүү Кеңешмесине кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүп, анда ишеним көрсөтүү чаралары боюнча Макулдашууга кол коюлат. Жыйында аталган уюмга кирген өлкөлөр ортосунда аскердик-саясий, экономикалык, экологиялык жана гуманитардык тармактарындагы кызматташуу жолдору белгилегенет. Анда ошондой эле баңгизаттарга, уюшулган кылмыштуулукка, курал-жарак, адам сатууга каршы күрөшүү тармактарында биргелешип иш жүргүзүү боюнча ишеним чаралары каралат. Жыйындын катышуучулары чекаралардагы ишеним чаралары, региондогу куралдуу күчтөр контингентинин абалы боюнча да пикир алышышат. Азербайжан, Ооганстан, Египет, Индонезия, Израиль, Палестина, Кытай, Орусия, Борбор Азия жана башка өлкөлөр кирген Кеңешме Алматыдагы жыйында эл аралык терроризм жана регионалдык маселелер боюнча өз позицияисын да билдирет.

XS
SM
MD
LG