Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Укук коргоо уюму кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. Кыргызстандын 2002-жылы кабыл алынган «Атуулдардын тынч жол менен куралсыз чогулуп, митинг, пикет, журүш жана демонстрацияларды өткөрүү жөнүндөгү» мыйзамы эл аралык стандарттарга ылайык кыска мөөнөттүн ичинде толукталып, иреттелиши зарыл. Мындай мазмундагы кайрылууну Кыргызстан укук коргоо кыйымылы бүгүн өкмөткө, парламентке жана Кыргызстан калкына жолдоду. 14-октябрда Конституциялык соттун чечими менен аталган мыйзамдын бири бирине карама каршы келген 5, 6 жана 7-беренелери алынып салынган. Башкача айтканда, Кыргызстан атуулдарынын аткаруу бийлигинин уруксатысыз эле тынч жол менен чогулуп, пикет, митинг, демонстрация өткөрүүгө болгон конституциялык укуктары калыбына келтирилген. Анткени, күчүн жоготкон беренелерде пикет, митингге чыгуу үчүн аткаруу бийлигинен сөссүз түрдө уруксат алуу нормасы да каралган.

XS
SM
MD
LG