Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:10

Босния жана Герцеговинанын тышкы иштер министри келди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Босния жана Герцеговинанын тышкы иштер министри Младен Иванич баштаган делегация расмий иш сапары менен келди. Ушул эле күнү делегация Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана Ооганстандагы абал тууралуу пикир алмашуу болду. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, чет элдик делегация мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, өкмөт башчы Николай Танаев, экономиканы өнүктүрүү, соода жана өнөр жай министри Амангелди Муралиев менен жолугушат. Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын өнөр жай жана соода палатасы менен Босния жана Герцеговинанын Тышкы соода палатасынын ортосунда өз ара кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлат.

XS
SM
MD
LG