Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Жергиликтүү кеңештерде эң көп орунду «Адилет» партиясы алды


БИШКЕК. 10-октябрда Кыргызстанда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо саясий партиялардын ичинен президенттин администрациясынын жетекчиси Тойчубек Ксымовдун жетекчилигиндеги «Адилет» партиясы эң көп орунга ээ болду. Аталган партиядан жергиликтүү кеңештерге 1500 адам өттү. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» «Адилет» партиясынын тең төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда «Алга, Кыргызстан» партиясынан жергиликтүү кенештерге 1200гө жакын адам өттү. Ал эми үчүнчү орунда «Менин өлкөм» партиясы турат. Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо өлкө боюнча 10940 талапкер катталса, анын 37 пайызы саясий партиялардан корсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG