Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

С.Шарипов башкарган экспедиция бүгүн Эл аралык космостук станцияга жетти


"Союз" кемесинде 14-октябрда алыскы сапарга чыккан үч комонавт бүгүн аман-эсен Эл аралык космостук станцияга өткөнү кабарланды. 10-экспедициянын курамындагы орусиялык космонавттар Салижан Шарипов, Юрий Шаргин жана америкалык астронавт Лерой Чиаону ал жерде мурдагы экспедициянын командири Геннадий Падалка тосуп алды. Анын алдында "Союз" кемесиндеги космонавттардын Эл аралык станцияга өтүшүн жерден көзөмөлдөгөн миссия күтүүсүз жерден эскертүү сигналын алган. Ал миссиянын өкүлү Вл.Соловьев буларды айтты. "Экипаж, менимче, бардыгын мыкты аткарды. Салижан тормозду баса калып, капсуладан станцияга өтүү мөөнөтү үч саатча создуктурулду, андан кийин күн чыгып, кичине жарык киргенде, алар жакын учуп келип, станцияга киришти", - деди Соловьев. Жаңы экспедициянын мүчөсү Юрий Шаргин эмки аптада жерге кайтат, Кыргызстанда туулуп өскөн Салижан Шарипов америкалык кесиптеши менен эл аралык космостук станцияда апрель айына чейин болот.

XS
SM
MD
LG