Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:09

Азербайжан менен Грузиянын мунай куурлары бирикти


Бул окуяга арналган аземге эки өлкөнүн лидерлери катышышты. Баку-Тбилиси-Жейхан кууру аркылуу Каспий мунайы келечекте Грузияны аралап өтүп, Түркиядагы Жейхан портуна жеткирилет. Атайын аземде азери президенти И.Алиев эл аралык куур регионго береке алып келерин, анын аркасы менен коопсуздук маселелерин чечүүгө шарт түзүлөрүн белгиледи. Грузиянын президенти М.Саакашвили айрым күчтөр бул долбоорго бут тосушкан, алардын максаты ишке ашпады, - деп АКШ колдогон долбоорго убагында каршы чыккан Москва тарапты зеките кетти. Куурдун Грузиядагы бөлүгү план боюнча, келерки жазда бүткөрүлүшү керек.

XS
SM
MD
LG