Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Британия, Германия Франция келерки аптада Иранга өз сунуштарын айтат


Тегеран өзүнүн өзөктүк программасын өнүктүрүү багытында иштей берет, бирок уранды байытуу аракеттерин токтотууну караштырышы мүмкүн, - деп билдирди Ирандын ырасми өкүлү. "Франс пресс" агенттиги жарыялаган интервьюсунда Ирандын коопсуздук кызматынын өкүлү Хусейн Мусавьян Тегеран – Ирандын тынч максаттардагы өзөктүк программасын өнүктүрүү укугун тааныган жаңы сунуштарды караштырууга даяр экенин белгилеген. Жума күнү кечинде Вашингтондо өнөр жайы өнүккөн сегиз өлкөнүн өкүлдөрү жолугуп, анын соңунда Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти эмки аптада Британия, Франция жана Германия Иранга байытылган уранды өндүрүүнү токтотуу боюнча айрым сунуштарды айтарын жарыялады.

XS
SM
MD
LG