Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:05

Карышкыр Капчыгайды каптады


ОШ. Карышкыр Каракулжа районундагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн элинин тынчын алууда. Бир эле Абдрасулов Калыбектин жети эчкисин жаралап, он эчкисин тыптыйпыл кылып жоготкон. Эчкилерди киши айдагандай айдап кетип бараткан карышкырлардын тобун көргөндөр бар. Элдин сөзү менен айтканда Капчыгайда "сай карышкыр" дегендер чыгып, кыштактардагы короолорго чейин кирип, кой-эчкилерди жара тартышууда. Сарыбээ, Терексуу, Караташ кыштактарынан жалпысы төрт бодо мал, он жети эчки, алты кой карышкырлардын жеми болду.

Табылды деген кишинин балдары бир күндө эки карышкырды капканга түшүрүшкөн. Жергиликтүү эл карышкырлардын көбөйүшүнө мамлекет каршы күрөшсүн, жок дегенде ок-дары, мылтык, капкан менен камсыз кылууну район жетекчилигинен суранып жатышат.

XS
SM
MD
LG