Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Бейөкмөт уюм Прага жыйынына сунуш киргизди


БИШКЕК. Кыргызстандагы «Атуулдук коом коррупцияга каршы» уюму Европадагы бейөкмөт уюмдардын 18-19-октябрда Прага шаарында өтө турган «Демократия таңсыктыгы» аттуу жыйынында кароо үчүн бир катар сунуштарды жолдоду. Мындай маалымат бүгүн уюмдун төрайымы Төлөкан Исмаиловадан алынды. Анын билдирүүсү боюнча, Прагадагы жыйында бейөкмөт уюмдардын 2005-жылы Сантьяго шаарында боло турган форумунда карала турган маселелерди талкуулайт.

Кыргызстандагы бейөкмөт уюм ушундан улам дүйнөлүк форумда Борбор Азияда демократияны өнүктүрүүдөгү кемчиликтерди, Кыргызстанда бийлик эмне себептен ачык шайлоо менен алмашпай жаткандыгынын себептерин, атуулдук коомду калыптандыруудагы калпыстыктар менен шайлоолордо добуш берүүнү бурмалоо маселелери талкуулансын деген сунуш киргизди.

XS
SM
MD
LG