БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев 16-октябрда «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мындай маалыматты бүгүн президенттин басма сөз кызматы таратты. Аталган мыйзамга ылайык жергиликтүү кеңештерге депутат болуп шайланган мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерин сессияга көп катышпагандыгы үчүн жана депутаттык милдеттерин жакшы аткарбагандыгы үчүн кайра чакырып алууга негиз түзүлөт.