Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:21

Оппозиция өкүлдөрү шайлоодогу мыйзам бузууларга нааразы


БИШКЕК. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо байкалган мыйзам бузуулар боюнча 17 барак болуп тиркелген акт Борбордук шайлоо комиссиясына жана Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын сот, укук жана мыйзамдуулук комитетине жөнөтүлдү. Мындай маалымат бүгүн «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевден алынды.

Анын айтымында, аталган органдарга жөнөтүлгөн документте Бишкектин ичиндеги шайлоо участкаларында байкалган мыйзам бузуулардын бардыгы так жазылып, анын негизинде Бишкек шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу, борбордогу шайлоо комиссияларын кайра түзүү жана мыйзам бузууга барган шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн кылмыш жообуна тартуу талабы коюлду.

Ал эми "Кыргызстан элдик патриоттук кыймылдын" төрагасы Турсунбек Акун Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевди ээлеген кызматынан кетирүү талабынын орундалышын 28-октябрга чейин күтүп, эгер ал орундалбаса жалпы атуулдардын маасалык нааразылык митингин уюштураарын кабарлады. Элдик патриоттук кыймыл 10-октябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип, мыйзам бузууларга жол берген Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевди 15 күндүн ичинде кызматынан кетирүү талабын президентке жолдогон.

XS
SM
MD
LG