Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Түркия саясий колдоо издеп жатат


Бүгүн Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл Германияга сапарга аттанып жатып, ырасмий Берлинди Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүккө алынуусун колдогону үчүн мактады.

Ал, ошондой эле, Германия эми бул иште азырынча кылчактап турган Францияны да көндүрөт ко деп үмүттөнөөрүн билдирди.

Абдулла Гүлдүн сапары - Түркиялык бийлик өкүлдөрүнүн европалык мамлекеттерге колдоо топтоо үчүн жасап жатышкан алгачкы сапары болуп калат.

Ушул жылдын декабрында Евросоюздун лидерлери Түркия менен анын мүчөлүгү тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо маселесин талкуулашмакчы. Буга чейин Еврокомиссия Түркияны бул жаатта көрүп жаткан аракеттери үчүн мактаган жана аны менен сүйлөшүүнү баштоого убакыт жеткенин билдирген.

Дүйнөлүк кечки кабарларды Төрөкул Дооров дардады.

XS
SM
MD
LG