Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:49

Газа тилкесинде аткылашуу


Газа тилкесинде израилдик аскерлер палестин козголоңчуларына каршы дагы бир операция өткөрүшүүдө. Алар бул жолу Египет менен чектеш райондо жайгашкан Рафах деп аталган качкындардын лагерине киришти. Аскерлердин айтымында, Египеттен козголоңчуларга курал-жарак келип турат деген жер астындагы туннелдерде текшерүү иштери өтүп жатат.

Рафахта кыдыруу иштери жүрүп жаткан кезде атышуу болгон. Андан канча адам жапа тарткандыгы тууралуу азырынча эч кандай кабар түшө элек.

Израилдик аскерлер көтөрүлүшчүлөрдүн обьектиси деп эсептелген эки үйдү жок кылышты. Израилдик күчтөр Газага киришкенден бери 18 күн өттү. Ушул мезгил аралыгында алар 120дан ашуун палестиналыкты өлтүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG