Иорданиядагы машыгуулардан кайткан ирактык 9 полицейди бүгүн жолдо өлтүрүп кетишти. Алар машыгуулардан кийин Кербалага - үйлөрүнө келатышкан эле. Кербаладан билдиришкендей, полиция кызматкерлерин белгисиз адамдар Багдаттан 40 чакырымдай алысыраактагы Латифиях деген жерде өлтүрүп кетишкен. Куралчандар ошол эле замат изин суутууга үлгүрүшүптүр.
Ал эми Ирактын батышындагы Фаллужа шаарында америкалык аскерлер менен козголоңчулар ортосунда куралдуу кагылышуулар уланууда. Reuters маалымат агенттиги окуяга күбө болгондорго шилтеме жасап, Фаллужанын чыгыш тарабында америкалык аскерлердин абадан чабуулу күчөгөндүгүн кабарлады. Доктурлар аткылашуу болуп жаткан жерлерге жетпей жатышкандыгы айтылууда. Анткени кагылышуу өтө катуу болуп жатат. Азырынча үч адам өлгөндүгү такталды.
Күбөлөрдүн айтымында, козголоңчулар да миномет жана ракета снаряддары менен жооп кайтарышууда.
Буга чейин америкалык аскерлер ишембиден жекшембиге караган түнү Йолан-Фаллужа районунда козголоңчулардын лидери Абу Мусаб ал-Заркавинин блокпостторунун бирине чабуул жасалганын кабарлашкан.
Ирактын утурумдук өкмөтү Фаллужанын бийликтерине эгерде алар ал-Заркавини өткөрүп беришпесе, шаарда куралдуу кагылышууларды баштай тургандыгын эскерткен.
Абу Мусаб ал-Заркавини америкалык аскерий күчтөр иорданиялык экстремист деп билишет.