НАРЫН. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Аманкул Молдалиевдин айтымында, Теңиртоодогу шайлоонун жыйынтыгы Нарын шаарындагы айрым округдардагы талапкерлердин арыздарынын негизинде бюллетендерди кайра тактоого байланыштуу кеч чыгарылды. Бирок бюллетендерди кайра саноодон кийин катуу өзгөрүү болгон жок.
Төраганын айтымында, анткен менен шаардык кеңеш жана шаардын мэриясы шайлоо комиссияларынын курамын таңдоого жеткиликтүү маани бербей, шайлоочулардын тизмеси кодекстин талабына ылайык түзүлгөн эмес. Ал эми добуш берүүгө тизмеге кирген шайлоочулардын 63,2 пайызы келсе, бул көрсөткүч Акталаа районунда 76,6%, Жумгал районунда 74% түзүп, Нарын шаарында 46,4 % болгон.
Саясий партиялардан «Алга, Кыргызстан!» партиясынан 51, «Адилеттен» 17, «Элет» партиясынан 11, «Менин өлкөмдөн» 6 жана «Компартиядан» 1 адам депутат болуп шайланышкан.