Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:38

Баткен коогалаңына беш жыл


БИШКЕК. 22-октябрда Бишкектин Жеңиш паркында Баткен коогалаңында курман болгондорго арналган «Аскердик каармандык» монументи ачылат. Ал мындан беш жыл мурун Кыргызстандын чегарасын бузуп кирип келген куралчан топторду жок кылуунун беш жылдыгына арналып, ачылат.

Монументти ачуу аземине президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана согуштун ардагерлери катышат.

Ал эми президент Акаев жакында өз жардыгы менен Куралдуу күчтөрдүн «Аскердик каармандык» аттуу өтмө желеги жана аны ыйгаруу жөнүндөгү жобону бекитти. Ага ылайык өтмө желек Куралдуу күчтөрдүн өзгөчөлөнгөн бөлүктөрүнө ыйгарылат.

XS
SM
MD
LG