Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:15

Мыйзам чыгаруу жыйынынын иш тартибине өзгөртүү киргизилди

БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары айдын акырында өз округдарында иштөө үчүн бир аптага 25-октбярда эмес, 27-октябрдан баштап жөнөшөт. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын отуруму мурда белгиленгендей 1-ноябрда эмес, 4-ноябрда башталат. Мыйзам чыгаруу жыйыны мындай чечимди бүгүн мамлекет башчы Аскар Акаевдин өтүнүчүнө ылайык кабыл алды.

Президенттик администрация башчысынын орун басары Болот Жанузаковдун маалыматына караганда, 25-октябрда Эл өкүлдөр жыйынынын жыйырма биринчи сессиясы башталат. Ал эми 26-октябрда Жогорку Кеңештин кош палатасынын биргелешкен жыйыны өткөрүлүп, анда президент Аскар Акаев Жогорку Кеңештин кош палатасына жана элге кайрылуу менен чыгып, сөз сүйлөйт.
XS
SM
MD
LG