БИШКЕК. Бүгүн кыргыз өкмөтүнүн экономикалык саясат боюнча кеңешинин жыйыны болду. Анда кичи жана чакан ишкерликтен салык алууну реформалоо, карыздарды реструктуризациялоо жана банктарды кайра түзүү боюнча агенттиктин өткөн жылдагы иши жана жеңил машина менен жүргүнчүлөрдү ташыган атуулдарга лицензия берүү маселеси талкууланды. Андан тышкары атуулдарды ташуучу аэродромдордун сапатын текшерип, сертификат берүү жобосу бекитилди.