Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Парламент энергетика тармагын менчиктештирүү маселесин карайт


БИШКЕК. 18-октябрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев мамлекет башчысы жана кыргыз өкмөтүнүн сунушу менен «Энергетика тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү баскычы» жөнүндөгү программаны кезексиз талкуулоону палатанын күн тартибине киргизүү маселесин добушка койду. Залда отурган 46 депутаттын ичинен 36 депутат программаны палатанын күн тартибине киргизүүгө «макул» деп добуш беришти. Анда соң залда ызы-чуу чыгып, кайым айтышуу башталганда шейшемби күнгө чейин тыныгуу жарыяланды.

Белгилей кетүүчү нерсе, аткаруу бийлиги эки аптадан бери энергетика тармагын менчиктештирүү маселесин палатанын октябрь айындагы күн тартибине киргизүү менен алектенди. Буга чейин аталган маселе өкмөтчүл маанайдагы депутаттардын «кезексиз каралсын» деген сунушу менен эки жолу добушка коюлуп, колдоо тапкан эмес.

Энергетика тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү баскычына ылайык «Түндүкэлектр» акционердик коому жана «Кыргызгаз» ишканасын менчиктештирүү пландаштырылууда. Ал эми оппозициялык маанайдагы депутаттар энергетика эң кирешелүү тармак экендигин айтышып, аны менчиктештирүүгө каршы болушууда.

XS
SM
MD
LG