Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Менчиктештирүүнүн жаңы программасы карала баштады


БИШКЕК. 18-октябрда Мыйзам чыгаруу жыйыны 2004-2006-жылдардагы менчиктештирүү программасын биринчи окууда кабыл алуу тууралуу токтом кабыл алды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин төрагасы Равшан Жээнбековдун маалыматына караганда, аталган программага ылайык өлкөдөгү 143 мамлекеттик ишкана, мекеме менчиктештирилет. Анын жыйынтыгында казынага 400 миллион сом түшөөрү болжолдонууда.

Бир нече күнгө созулган талкуу учурунда айрым депутаттар кыргыз өкмөтү аталган программанын негизинде менчиктештириле турган мекеме, ишканаларды төмөндөтүлгөн баада сатып жаткандыгын айтышып, маселени кийинкиге жылдырууну сунушташты. Добуш берүүгө келгенде көпчүлүк депутататтардын колдоосу менен аталган программа биринчи окууда кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG