Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Россия Борбор Азия кызматташтык уюмуна кошулду


Тийешелүү протоколго бүгүн президент Путин Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан саммитте кол койду.
Уюмга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.

Өзбек лидери Ислам Каримов Россиянын уюмга кирүүсү региондогу стабилдүүлүктү арттырууга жардам берет деп белгиледи. Келечекте уюмга Ооганстан да кошулушу мүмкүн деп кошумчалады Каримов.

Тажик мамлекет башчысы Эмомали Рахмонов болсо Россиясыз кээ бир орток долбоорлор маанисиз болуп калат деген пикирин ортого салды. Жыйында уюмдун жаңы төрагасы болуп президент Рахмонов шайланды.
Лидерлер терроризмге каршы чараларды белгилеп, 3 айдын ичинде бардык тыюу салынган террордук, диний жана экстремисттик топтордун тизмесин түзүүнү макулдашышты.

XS
SM
MD
LG