Бул жөнүндө Беларуста кечээ өткөн референдумга жана парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзгөн чет элдик байкоочулар билдиришти. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун билдирүүсүндө айтылгандай, добуш берүү уюмдун демократиялык шайлоолор жөнүндөгү критерийлерине жооп берген жок.
Эртең менен жумурияттын шайлоо комиссиясы эл Конституцияга өзгөртүү киргизип, Лукашенконун үчүнчү президенттик мөөнөткө ат салышуусун колдоп чыгышканын билдирген.
-Беларус жумуриятынын эли конституциялык көпчүлүк добуш менен Башмыйзамдын 81-беренесине өзгөртүү киргизүү үчүн добуш берди. Парламенттик шайлоодо болсо 110 депутаттын ичинен 107си шайланды,- деп жарыялады
Борборшайлоокомдун төрайымы Лидия Ермошина.
Анын ырастоосунда, добуш бергендердин дээрлик 77 пайызы президентке ишеним көрсөтүшкөн. Өнөктүккө шайлоочулардын 90 проценттейи катышты. Президент Лукашенко добуш берүүнүн жйынтыктарына канааттанганын билдирди.
Оппозиция кечээ өткөн добуш берүү президент Лукашенкону бийликте калтыруу амалында мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыкты. Оппозициянын бир дагы өкүлү төмөнкү палатанын мандаты үчүн күрөштө жетиштүү сандагы добуш ала алган жок.