Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Өкмөт Фаллужага жардам жиберет


Ирактын убактылуу премьер-министри Ийад Аллави өкмөт Фаллужанын тургундарына 2 миллион долларлык жардам жиберет деп билдирди. Буга чейин америкалык аскерлер Фаллужа шаарындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан арачы Шейх Халед ал Жумалини коё беришкен.

Бир нече күндөн бери Фаллужа шаары америкалык жана ирактык аскерлердин курчоосунда турат. Өткөн аптада премьер Аллави "Абу Мусаб ал-Заркави жана анын согушкерлери өткөрүлүп бербесе, аскерлер калаага басып киришет" деп эскерткен.

Иордан өкмөтүнүн өкүлү Асма Ходр америкалык армияга кайрылып, орозо маалында шаар тургундарын керектүү гуманитардык жардам менен камсыз кылуу үчүн курчоону алып салууга үндөдү. “Ал-Жазиира” телеканалы болсо македониялык эки кишинин барымтачылар тарабынан өлтүрүлгөнүн көрсөттү. Алар Кошмо Штаттардын пайдасына тыңчылык кылган деп айыпталган.

XS
SM
MD
LG