Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:06

19-октябрда Нарын шаары суусуз калды


НАРЫН. Анын себеби 1960-жылы салынган суу түтүктөрү эскирип, ар кайсы жеринен жарылууда. Учурда Нарын шаарынын үч-төрт жеринен суу түтүктөрү жарылган. Аларды оңдоого 20 миң сом керек болсо, электр энергиясы бирдей берилбегендиктен насос күйүп кетти. Аны 30 миң сомго алмаштырыш керек.

Бүгүнкү күнгө шаардыктар таза суу үчүн 1 млн. 200 сом карызынын 20 пайызын төлөшсө, мекеме-ишканалар 2 млн. сом карыз, анын 30 пайызы гана төлөнүүдө. "Таза суу боюнча эң көп карызы барлар аскер бөлүктөрү, облустук ички иштер бөлүмү, прокуратура жана башка республикалык бюджетте отурган укук коргоо органдары", дейт "Нарын суу-канал" ишканасынын жетекчиси Жанай Досмамбетов.

XS
SM
MD
LG