Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы 25-октябрда башталат


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын 25-октябрда баштала турган 21-сессиясында жыйырмадан ашык маселе каралат. Мындай маалымат бүгүн палатанын басма сөз кызматынан алынды. Сессия бул жолу да эки баскыч менен өтүшү мүмкүн. Анткени сессиядагы башкы маселе - 2005-жылдын мамлекеттик бюджети жөнүндөгү мыйзам эки жолку окуу менен кабыл алынат.

Андан тышкары эл өкүлдөрү 2004-2006-жылдарда менчиктештирүү программасынын долбоорун карап, эпизоотикалык кырдаал боюнча Айыл чарба министри Александр Костюктун билдирүүсүн, Улуттук банктын төрагасынын отчётун жана Акыйкатчынын маалыматын угат.

Андан тышкары «Жибек жолу» акционердик ишканасына берилген чет элдик кредиттин сарпталышы, 2000-2003-жылдары отун-энергетика тармагында өндүрүлгөн продукцияны пайдалануу менен мыйзамдын аткарылышын текшерген комиссиянын жыйынтыгын жана «Кыргызтелекомду» менчиктештирүү маселесин талкуулашат.

XS
SM
MD
LG