Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Өкмөт башчы Ооганстандагы лабораторияларды жок кылууну сунуштады


БИШКЕК. Дүйшөмбү күнү өкмөт башчы Николай Танаев Улуу Бриртаниянын Кыргызстандагы элчиси Джеймс Шарп менен жолугушту. Танаев Улуу Британия элчилигинен Ооганстандагы манзаттарды иштетип чыгаруучу лабораторияларды жок кылууга көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Премьердин айтымында, Ооганстанда антитеррордук чабуулдар башталгандан бери ал жердеги манзаттарды өндүрүп чыгаруучу бир дагы лаборатория жок кылынган эмес. Ошондой эле Кыргызстандын өкмөт башысы учурда Ооганстандын Тажикстан менен чегарасына жакын жерде маңзаттын көп өлчөмдө жыйналгандыгына кабатырланганын билдирди.

Танаевдин айтымына караганда, Ооганстан менен чектешкен жерлерде топтолгон маңзаттардын айрым бөлүгү Кыргызстан аркылуу ташылышы соңку жылдары өлкөдө бангилерин санынын өсүүшүнө алып келүүдө. Бул тууралуу бүгүн улуттук «Кабар» агенттиги жазып чыкты.

Ошондой эле жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча да пикир алмашуу болду.

XS
SM
MD
LG