Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:03

Парламент «Каракол» эркин экономикалык аймагынын тагдырын чечет


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын бир топ депутаттары энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы болгондон кийин палата «Каракол» эркин экономикалык аймагынын чегарасын белгилөө» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесине киришти.

Өкмөт тарабынан даярдалган бул долбоордо «Каракол» эркин экономикалык аймагында чарба жүргүзгөн ишканаларды башка жерге көчүрүү үч айдын ичинде бүткөрүлөт деген беренени мурдагы мыйзамга киргизүү сунушталган. Буга «Каракол» эркин экономикалык аймагынын чегарасын кеңейтип, ишканаларды Ысыккөлдүн жээгин бойлой жайгаштыруу жөнүндөгү ушул жылдын июнь айында кабыл алынган мыйзамга ишканалар үч жылдын ичинде көчүрүлсүн деп жазылганы себеп болду.

Айрым депутаттар мыйзам аймакта иш жүргүзгөн 27 ишкананы башка жакка көчүрүүгө үч ай жетпесин жана мыйзамдын чала иштелгендигин айтышып, кабыл албоого чакырышты. Долбоорду талкуулоо бейшембиде уланат.

XS
SM
MD
LG