БИШКЕК. «Улуу Британиядан ташылып келе турган 1 миң 800 тонна радиоактивдүү затты Карабалта тоо-кен комбинатында иштетүү экологияга эч кандай зыян тийгизбейт»-деп билдирди комбинаттын директору Нарынбек Кожакматов «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында.
Анын билдирүүсү боюнча, 95 проценти графиттен, 5 проценти урандан турган зат комбинатта иштетилгенден кийин ураны Германияга жөнөтүлүп, графити Кыргызстанда калат. Калган графитти комбинат сатып, акчасын уран калдыктары көмүлгөн жайларды зыянсыздандырууга жумшашы мүмкүн.
Долбоордун зыяндуулугун териштирген эксперттик комиссиянын мүчөсү, Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Валерий Диль маалымат жыйынында эгер зат зыяндуу болсо аны өз аймагы аркылуу ташып өтүүгө Казакстан менен Орусия макулдук бермек эмес деп, эч кандай зыян тийгизбесин билдирди.
Германиянын «РВЕ Ньюкем ГмбХ» компаниясы менен 2002-жылы кол коюлган келишимдин баасы бир миллион 100 миң доллар деп бааланган жана анын 10 проценти экологиялык иш-чараларга жумшалмак. Бул долбоор боюнча бейөкмөт уюмдар эки жаатка бөлүнүп, басма сөздө талаш болгондо өкмөт затты алып келүүгө макулдук берген эмес.