Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Жергиликтүү кеңештерге өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге өткөрүлгөн шайлоонун эң соңку жыйынтыгын чыгарды. БШК маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда онунчу октябрда 21 шаардык, 22 поселкалык, 420 айылдык кеңештерге шайлоо өткөрүлүп, баары болуп республика боюнча жергиликтүү кеңештерге 6737 депутат шайланды.

Жергиликтүү кеңештерге депутаттык мандаттын 44 пайызы саясий партияларга берилген. Шайлоонун жыйынтыгында өлкөдөгү саясий партиялардын арасынан биринчи орунду «Адилет» партиясы ээлеп, 1392 депутаттык орунга ээ болгон. Ал эми «Алга, Кыргызстан» партиясы 1232, «Жаңыкүч» партиясы 202, «Элет» 111, «Менин өлкөм» 51, «Коммунистик партия» 9, «Арнамыс» 1, «Атамекен» 8 депутаттык орунга ээ болгон.

XS
SM
MD
LG