Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Энергетика тармагын менчиктештирүү үчүн кармаш күчөдү


БИШКЕК. 19-октябрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 15 депутаты жалпы кыргыз элине кайрылуу жолдоп, анда энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы экендиктерин жарыя кылышты. Кайрылууда алар өкмөт менчиктештирүү маселесин кезексиз каратууга айрым депутаттарды 19-октябрда көндүргөндүгүн, бирок кайрылууга кол койгон депутаттар «кыргыз элинин байлыгынын көз-көрүнөө таланышына, тармактын «үй-бүлө» айткан адамдарга арзыбаган баага сатылышына» каршы болгондуктан ушундай кадамга барышкандыгын билдиришти.

Кайрылуу палатада катуу талаш жаратып, аны колдогон депутаттар залдан чыгып кетишкендиктен отурум үзгүлтүккө учурап, төрага танапис жарыялоого мажбур болду. Бир саттан кийин да депутаттардын көбү жок болгондуктан маселе каралган жок.

Ал эми президенттик администрациянын жетекчисинин биринчи орун басары Болот Жанузаков муну - депутаттардын өз милдетин билбегендиги жана шайлоо алдында саясий упай топтоо аракети катары баалады.

XS
SM
MD
LG