Бу тууралуу Карзайдын өкүлү билдирди. Азыр жалпы бюллетендердин чейрегинен ашыгы саналып бүтүп калды,алардын жыйынтыгы Хамид Карзай үчүн шайлоочулардын 60 проценттен ашыгы добуш бергенин көрсөттү. Атаандаштардын бири – мурдагы билим берүү министри – Юнус Кануну добуш берүү учурунда оголе көп эреже бузуулар болгонун кечээ кайрадан белгиледи, ошол эле учурда эгер Карзай жеңди деп табылса, өлкөнү кайра тикелөө ишинде ага көмөктөшө турганын да билдирди.