Түндүк Кореянын жогорку элдик жыйынын жетекчиси Ким Ен Нам бүгүн Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао менен жолугушкан соң ушундай деп билдирди. Ким Ен Нам Кытайдын премьери Вэн Цзябао менен да ушул проблеманы талкуулады. Алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы жана анын качан болору тууралу эчтема айтылган жок. Эмдиги аптанын этегинде ушул эле маселени талкуулаганы Кытайга АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл келмекчи.