Владимир Путин менен Илхам Алиев эки тараптуу экономикалык кызматташтык маселелерин, региондо терроризмге каршы күрөштүн проблемаларын талкуулашты. Мунун алдында эки президент тең жалпыроссиялык азербайжан конгрессинин жыйынында сөз сүйлөштү. Путин өз сөзүндө Россия береке пайиздүү Кавказ регионунун тынч, баракат өнүгүшүнө өзгөчө кызыкдар экенин, стратегиялык бу максатка жетишүүдө Азербайжан, региондогу башка өнөктөрү менен биргелешип сүйлөшүү иштерин, активдүү бейпилдик озуйпаларын уланта берерин билдирди.