Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

НАТОнун баш катчысы бүгүн Казакстанга келди


Алматыда Яап де Хооп Схеффер казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар кызматташтыкты чыңдоо жана терроризмге каршы күрөштүн маселелерин талкуулашты. Борборазия менен Казакстан НАТО үчүн маанилүү, деп айтты Схеффер. Казакстан региондо маанилүү рол ойноп жатканын айтып, Схеффер быйыл июнда Стамбулдагы жыйында альянстын лидерлери Борборазия менен Кавказга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын көрсөтүшкөнүн эске салды. Мунун алдында Схеффер Кыргызстанда болгон эле. Казакстандан соң ал Өзбекстанда, Тажикстанда жана Түркмөнстанда болот.

XS
SM
MD
LG