Төрт киши набыт кетип, сексенге чукул киши жарадар болгону айтылат. Ал эми Рамади шаарында америкалык аскерлер менен козголоңчулардын уруштары жүрүп жатат. Ушул эле күнү Багдадда эл аралык гуманитардык “Кеа” уюмунун башчысын экстремисттер барымтага кармап кетишти. Жекшемби күнү Багдадга чукул жерде киши колдуу болушкан ирактык тогуз полицмендин өлүмү үчүн жоопкерчиликти “Ансар ас-Суннах” деп аталган топ өзүнө алды. Полицмендер коалициялык күчтөр менен кызматташканы үчүн жазаланды, деп айтылат бу топтун билдирүүсүндө.