АКШнын армиясы билдиргендей, Ирактын коопсуздук күчтөрү америкалык аскерлердин жардамы менен Багдаддан түштүктөгү Искандария шаарында жана анын айланасында эки күндүк операция жүргүзүштү.
Мунун алдында КЕА деп аталган эларалык гуманитардык уюмдун теги ирактык кызматкери уурдалып кеткен эле. Британиянын атуулу болгон Хасан айымды кимдер барымтага алганы белгисиз. Британиянын Тышкы иштер министри Жэк Стро кабарчыларга мындай деди:
- Кеа Интернэшнэлдин Ирак бөлүмүнүн жетекчиси Маргарет Хасандын уурдалышы мени катуу бейпайга салды. Маргарет Хасан Иракта ирак элине 30 жыл эмгегин арнаган.
Кечээ ошондой эле Ирактын батышындагы Мосул шаарында дүрмөттөлгөн жеңил машина жарылып, эки ирактык карапайым атуул ажал тапты. Ал эми Багдаддан түндүктөгү Мушахида шаарында Ирактын Улуттук Гвардиясынын штаб-квартирасын аткылоодо төрт гвардиячы окко учуп, 80 чакты киши жараат алды.