БИШКЕК. Кыргызстанда Тажикстандын юстиция министрлигинин 35-жаштагы кызматкери ири өлчөмдөгү маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттигинен «Азаттыкка» маалымдашты. Тажикстандын атуулу аталган агенттиктин түштүк башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Арка-2 айылында кармалган. Тажик атуулунан 92 кг апийим алынган. Бул жыл башынан бери маңзаттарды соодалоого каршы күрөшүүчү органдар тарабынан кармалган эң ири өлчөмдөгү маңзат болду. Баткен облусунда кармалган тажик атуулунун үстүнөн кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.