Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:05

Ф.Кулов Жогорку сотко арыз жолдоду

БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов Чүй облусуна караштуу Сокулук райондук сотунун ушул жылдын 13-августундагы чечимине карата апелляциялык арызы менен Жогорку сотко кайрылды. Бул тууралуу бүгүн «Арнамыс» партиясынан «Азаттыкка» маалымдашты.

Сокулук райондук соту Феликс Кулов абактан 2005-жылдын ноябрь айында чыгат деген чечимин чыгарган. Ал эми Куловдун адвокаттары менен Кыргызстан Акыйкатчысынын айтымында мыйзамдарга ылайык «Арнамыс» партиясынын төрагасы ушул жылдын июнь-август айларында эле шарттуу түрдө бошотулушу керек. Өткөн аптада Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинде Феликс Куловдун абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга байланыштуу арызы каралган жана комитет Куловго жаза берүүдө Кылмыш-жаза кодексинин айрым беренелери соттор тарабынан туура эмес колдонулган деген чечимин чыгарган.
​
XS
SM
MD
LG