Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Бейөкмөт уюмдар кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. Өлкөнүн Конституциялык сотунун 14-октябрдагы чечимине байланыштуу «Атуулдук коом коррупцияга каршы», «Эл аралык толеранттуулук», «Кылым шамы» бейөкмөт уюмдары парламентке жана өкмөткө кайрылуу жолдошту. Конституциялык соттун чечимине ылайык 2002-жылы кабыл алынган «Атуулдардын эркин, тынч чогулуу, пикет, митинг, жүрүштөрдү өткөрүү укугу жөнүндө» мыйзамдагы Конституцияга карама-каршы келген беренелери күчүн жоготту.

Бейөкмөт уюмдардын кайрылуусунда атуулдар нааразылык акцияларга чыккан учурларда тартип коргоо органдары тарабынан күч колдонулбасын, бул иштерге жергиликтүү администрациялар кийлигишпесин деген укуктук нормаларды киргизүүнүн зарылдыгы белгиленген.

Кайрылууда, ошондой эле, өкмөттүк органдар тарабынан атуулдук коомдун өкүлдөрү менен бирдикте өлкөдөгү тартип коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн гумандаштыруу багытында биргелешкен иш-аракеттер жүргүзүлүүгө тийиш деп айтылган.

XS
SM
MD
LG