Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Орусиялыктар Ысыккөлдө болушту


БИШКЕК. Бүгүн Орусиянын ички иштер министри Рашид Нургалиев баштаган делегация Кыргызстандын ички иштер министрлигинин жетекчилигинин коштоосунда Ысыккөл облусунда болду. Алар облустун Чолпон Ата, Балыкчы шаарларынын, Ыссыккөл районунун ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен жолугушту.

Ушул эле күнү Орусиянын ички иштер органдарынын жооптуу кызматкерлери Кыргызстандын ички иштер министрлигине караштуу Бостери айылындагы «Аалам» пансионатында болушту.

Кечээ Орусия менен Кыргызстандын ички иштер министрликтеринин ортосунда 2004-2006-жылдардагы кызматташуу жөнүндөгү протоколго кол коюлуп, Орусиянын ички иштер министри Рашид Нургалиевди президент Аскар Акаев кабыл алган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG