НАТО уюмунун айтымында, Ооганстандагы эл аралык бейпилдик күчтөрдү 2005-жылдын февралынан тартып ар башка өлкө кезектешип башкарат. Андай убактылуу башкаруучулук алтыдан сегиз айга чейин уланат жана төрагалыкка биринчи талапкерлер Түркия, Италия, Улуу Британия менен Испания. Кабул шаарынын эл аралык аэропортунда дагы ошондой кезектүү төрагалык болот, ага алгачкы талапкер мамлекеттер катары Түркия, Румыния жана Чехия аталууда. Өлкөдө азыр жети миң НАТО аскери бар, андан тышкары АКШ жетектеген дагы 20 миң аскер аракеттенүүдө.