Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:05

Ирактагы куралдуу кагылышуулар уланууда


Кечээ күнү Ирактын Самарра шаарында эки бомба жарылгандан бир жаш бала курман болуп, дагы 13 киши жараат алды. Согушкерлер басып алган бул шаар октябрдын башында америкалык аскерлердин көзөмөлүнө өткөн. Кечинде болсо Багдад шаарынын борборунда да бир бомба жарылды, америкалык аскерлер ал аймакты курчоого алгандыктан, канча адам жапа чеккени азырынча белгисиз.

Америкалыктар кечээ күнү Фаллужа шаарында эки үйдү бомбалап жок кылды, алардын айтымында, талкаланган үйлөр изделип жүргөн Абу Мусаб аз-Заркавиники болчу. Дагы бир бомбадан Фаллужада төрт жаш бала ата-энеси менен кошо курман болду. Жетекчиси барымтага алынган "Кэе" аттуу уюм Иракта өз аракеттерин токтоткону тууралуу жарыялады.

XS
SM
MD
LG